Тышкы иштер министри Түркмөнстанда

Министр Чавушоглу Түркмөнстанда Министрлер Кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

1596294
Тышкы иштер министри Түркмөнстанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштардын мыкты экендигин белгиледи.

Министр Чавушоглу  5 – 10 – марттагы Орто Азия сапарларынын биринчи аялдамасы Түркмөнстанда Министрлер Кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Чавушоглу жолугушуудан кийин берген маалыматында Түркия жана Түркмөнстандын эки боордош өлкө экендигин баса белгилеп : «Карым  - катнаштарыбыздын азыркы учурда келген жеринен кубанычтуубуз бирок карым  - катнаштарыбызды дагы жакшы жерлерге алып баруу үчүн президенттерибиздин лидерлигинде дагы көп иштешибиз керек. Бул жылы карым  - катнаштарыбызды дагы да өнүктүрүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөр бар»,- деди.

Чавушоглу Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун президент Р. Т. Эрдоган менен  өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө президент Эрдоганды өлкөгө чакыргандыгын айтты.

Министр Чавушоглу Түркмөнстандын  Экономикалык Кызматташуу Уюму ЕКУнун тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алгандыгын жана бул жылдын акырында саммиттин башкаруучулугун да Түркиядан өткөрүп аларын белгилеп : «28 -  ноябрда Түркмөнстанда ЕКУсаммитин да өткөрөбүз»,- деди.

Бул жылы Түрк Кеңешинин саммитин өткөрүү менен кезектешкен башкаруучулукту Азербайжандан өткөрүп алууну пландашкандарын айткан Чавушоглу президент Эрдогандын  Бердимухаммедовду  бул саммитке чакыргандыгын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу : «Карым  - катнаштарыбыз мыкты. Эки боордош өлкөбүз бирок саясий карым  - катнаштарыбыздын мыкты болушу жетпейт. Энергетика, экономикалык карым  - катнаштар, транспорт жана логистикалык сыяктуу башка маанилүү темаларда эки өлкөнүн ортосунда жана аймактык өлкөлөрдүн ортосунда кызматташуу потенциалы бар. Буларды турмушка ашыруу үчүн дагы көп иштейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар