Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 64 киши көз жумду.

1596405
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 64 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 965 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 138 миң 592 тест жасалып, 702 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 770 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 291 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 616 миң 139га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар