"Көгүлтүр мекен" машыгуусу

«Көгүлтүр мекен  - 2021»  машыгуусунун Тандамал  байкоочу күнү башталды.

1596276
"Көгүлтүр мекен"  машыгуусу

 «Көгүлтүр мекен  - 2021»  машыгуусунун Тандамал  байкоочу күнү башталды.

Машыгуунун Тандамал байкоочу күнү иш чарасы улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана коштоосундагы түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлеринин Эгей деңизине жакын ТЖГ Оручреиске тик учар менен конуусу менен башталды.

Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен «Көгүлтүр Мекен - 2021» машыгуусуна катышуу үчүн Чанаккалеге барды.

Тик учарлар менен Эгей деңизине жакын ТЖГ Оручреиске конгон Акар жана командирлерди деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын адмиралы Эржүмент Татлыоглу  тосуп алды.  Деңиз флотунун командирлигинин кыймыл төрагасынан машыгуу тууралуу брифинг алды.

«Көгүлтүр мекен машыгуусу» жергиликтүү жана улуттук курал системаларынын, кемелеринин сыналышы, түрк куралдуу күчтөрүнүн  кыймылга даярдануу машыгууларынын өткөрүлүшү жана күчтөр арасында бирдикте иштөө түшүнүгүн күчтөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Деңиз күчтөрү командирлигинин пландуу машыгууларынын арасында орун алган «Көгүлтүр мекен  - 2021» Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишке ашырылууда.

Машыгууга 87 кеме, 27 учак жана 20 тик учар менен учкучсуз аба унаалары да катышууда.  



Тектеш кабарлар