Эрдоган «Көгүлтүр Мекен-2021» машыгуусуна түз байланыш аркылуу катышты

Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын экономикалык жана  саясий жактан гана эмес, аскердик жана коргонуу жаатында да күчтүү экендигин билдирди.

1596358
Эрдоган «Көгүлтүр Мекен-2021» машыгуусуна түз байланыш аркылуу катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия үчүн күчтүү деңиз флотуна ээ болуунун,тандоого караганда зарылчылык экенин айтты.

Эрдоган «Көгүлтүр Мекен 2021» тактикалык машыгуусуна Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

Президент машыгууга байланыштуу: «Быйыл абдан күчтүү, ар тараптуу, биргелешкен түрдө өткөрүлгөн машыгуунун негизинде ата мекендик жана улуттук курал тутумдарыбызды сынап жатабыз»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын экономикалык жана саясий жактан гана эмес, аскердик жана коргонуу жаатында да күчтүү экендигин билдирди.

Түркия үчүн күчтүү деңиз флотуна ээ болуунун, тандоого караганда зарылчылык экенин айткан Эрдоган: «Биз эч бир мамлекеттин жерине, деңизине жана эгемендигине көз артпайбыз, бир гана өз мекенибизди жана өз укуктарыбызды коргоого аракет кылып жатабыз»,-деди.

Президент ошондой эле Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары менен дүйнөдөгү алдыңкы 3-4 өлкөнүн бири экендигин да айтты.

Эрдоган сөзүн мындай деп улантты: «Буга чейин биз кеме верфтерибизде өндүрүлгөн наркы 3 миллиард доллардан ашкан 130 деңиз платформаларын экспорттодук. Жээк күзөт кызматыбыз менен өз аймактык сууларыбызда, деңиз флотубуз менен дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын тынчтык жана бакубаттыгы үчүн аракет кылып жатабыз.

Түркияны берки бардык тармактарда болгону ​​сыяктуу эле деңиз чөйрөсүндө да дүйнөнүн супер лигасына алып барууга чечкиндүүбүз. Деңиздерде үстөмдүк кылган дүйнөдө үстөмдүк кылат. Ушул ишеним менен биз Деңиз күчтөрүбүздүн күжүрмөндүгүн жогорулатууга чоң маани берүүдөбүз. Өз аскердик кемесин долбоорлоп, кура алган жана тейлей алган 10 өлкөнүн катарындабыз».



Тектеш кабарлар