Балыкесирде 36 качкын куткарылды

Куткарылган качкындар Айвалыктын Жунда аралындагы Жээк коопсуздугу командачылыгына жеткирилди.

1596130
Балыкесирде 36 качкын куткарылды

Балыкесирдин Айвалык районунда, Грециянын Мидилли аралына барууга аракет кылган 36 качкын Жээк коопсуздугу топтору тарабынан куткарылды.

Грециянын Мидилли аралына өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандарды ташыган резина кайыкка Айвалыктын жээктеринде суу кире баштады.

Кырдаал жөнүндө кабар берилгенден кийин Жээк коопсуздугу командачылыгынын топтору аймакка жөнөтүлдү.

Топтордун операциясы менен куткарылган качкындар Айвалыктын Жунда аралындагы Жээк коопсуздугу командачылыгына жеткирилди.

Аялдар жана балдар да арасында болгон качкындар бул жерде кийим-кече, тамак-аш жана медициналык шаймандар менен камсыз болушту.



Тектеш кабарлар