Түркияда Covid-19

Акыркы 24 саатта вирустан 62 киши көз жумду.

1596057
Түркияда Covid-19

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 62 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 901 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 138 миң 214 тест жасалып, 698 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 302 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 711 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 608 миң 848ге жогорулады.



Тектеш кабарлар