Шейит кеткен 11 аскер үчүн коштошуу зыйнаты өттү

Коштошуу зыйнатында президент Эрдоган сөз сүйлөдү.

1595912
Шейит кеткен 11 аскер үчүн коштошуу зыйнаты өттү
şehitler.jpg

Битлисте тик учактын кулашынан шейит кеткен 11 аскер үчүн Анкарадагы «Ахмет Хамди Аксеки» мечитинде коштошуу зыйнаты өттү.

Аземге президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, вице-президент Фуат Октай, Республикалык Элдик партиянын (CHP) жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Улутчул Кыймыл партиясынын (MHP) жетекчиси Девлет Бахчели, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, экология жана шаар куруу министри Мурат Курум, Башкы штабдын башчысы генерал Яшар Гүлер жана күч командирлери да катышты.

Президент Эрдоган, коштошуу зыйнатында сүйлөгөн сөзүндө: «Армиябызга жана улутубузга Раббимден сабыр тилеймин. Биз шейиттерибиздин аруулугуна муктажбыз. Алар биз үчүн сапарга чыгышкан. Шейит болуу алардын эң бийик деңгээли. Раббим бизге ушул орунду берет деп ишенем. Дин үчүн, мекен үчүн бул макамга ар бир баатыр жете бербейт. Раббим бизге дагы берет деп үмүттөнөм», деп айтты

Улуттук Коргоо министрлиги, Бингөлдөн Татванга баруу үчүн кечээ саат 13.55тө жөнөгөн Кургактык күчтөрүнүн командачылыгына таандык Cougar тибиндеги тик учак менен саат 14.25те байланыш үзүлгөндүгүн, аймакта жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө тик учактын кырсыкка учурагандыгынын аныкталганын кабарлаган болчу. Кырсыктан 11 аскердин шейит болгону билдирилген.



Тектеш кабарлар