Битлисте шейит болгон арскерлер үчүн Түркияга көңүл айтуулар келди

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да тик учар кырсыгында гейит болгон аскерлер үчүн президент Эрдоганга көңүл айткандыгын билдирди.

1595767
Битлисте шейит болгон арскерлер үчүн Түркияга  көңүл айтуулар келди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Битлисте аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен шейит болгон аскерлер үчүн Түркияга көңүл айтты. Алиев президент Р. Т. Эрдоганга кайрылып билдирүү жарыялап : «Аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен түрк аскерлеринин шейит болгондугу тууралуу кабар бизди тереңден кайгылантты. Сизге, шейиттердин үй  -  бүлөлөрүнө, жакындарына жана түрк калкына өзүм жана Азербайжан калкынын атынан көңүл айтам. Жаралуулардын бат айыгып кетишин тилеймин»,- деди.

Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов да  твиттерден берген билдирүүсүндө түрк калкына көңүл айтты. Коргоо министри Закир Хасанов болсо улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлерге көңүл айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар шейит болон аскерлер үчүн президент Р. Т. Эрдоган, вице  - президент Фуат Октай жана  улуттук коргоо министри Хулуси Акарга теелфон чалып көңүл айтты.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна телефон чалып көңүл айтты. Башкы катчы сүйлөшүүдө НАТОнун Түркия менен тилектештик ичинде экендигин белгиледи.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да тик учар кырсыгында гейит болгон аскерлер үчүн президент Эрдоганга көңүл айткандыгын билдирди.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили президент Эрдоган жана түрк калкына Битлистин Татван районунда болгон тик учар кырсыгында шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен Британиянын Анкарадагы элчиси Доминик Хилтон шейит болгон аскерлер  үчүн кайгыланышкандарын билдиришти.

Сомалинин адилеттик министри Абдулкадир Мухаммед Нур Битлистин Татван районунда болгон тик учар кырсыгында шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айткан билдирүүсүн жиберди.

Албаниянын Европа жана тышкы иштер министри Олта Хачка шейит болгон аскерлер үчүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна телефон аркылуу көңүл айтты.

Венесуэланын тышкы иштер министри Йорге Арреза да твиттерден түрк желектүү фотография менен бирге берген билдирүүсүндө түрк калкы жана өкмөтү менен тилектештик ичинде экендигин билдирди.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев да тик учар кырсыгында шейит болгон аскерлердин каза болушунан терең кайгылангандарын белгилеп : «Түрк Кеңеши жана өз атымдан бул кырсыкта каза болгон аскерлер үчүн Аллахтан ырайым тилеп, үй  - бүлөлөрү менен боордош түрк калкына көңүл айтам жана жаралуулардын бат айыгышын каалаймын»,- деп бөлүштү.

Ирак күрт аймактык башкаруусунун этникалык жана диний түзүлүшүнөн жооптуу төрагасы жана Ирак түркмөн фронтунун иш алып баруу кеңешинин мүчөсү Айдын Маруф Бингөлдөн Битлиске баруу үчүн учкан аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтты.

Борбор шаар Анкарадагы чет элдик өкүлдөрдүн башчылары да соцтармактан берген билдирүүлөрүндө түрк калкынын кайгысын бөлүшкөндөрүн билдиришти.



Тектеш кабарлар