Афринде террордук кол салуу болду
Кол салууда 3 киши жаракат алды.
Сирияда ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм басып алган Тель Рыфаттан «Зайтун бутагы» операциясы менен террордон тазаланган Африндин батышындагы Мерйемин аймагына ракеталар менен кол салып, бир унаанын ичиндеги 3 киши жаракат алды. Унаа колдонулбай турган абалга келди жана жаралуулар айланадагы ооруканаларга алып барылды.
«Зайтун бутагы» операциясы менен Афринден чыгарылган ЙПГ/ПКК райондун түштүк батышындагы Тель Рыфат аймагын оккупациялоону улантууда.
Түркия Сирия Улуттук Арамиясынын колдоосу менен 2018 - жылы 20 - январда Африн районун террордук уюм ЙПГ/ПККдан куткаруу үчүн «Зайтун бутагы» операциясын жүргүзгөн. 18 - марттан тарта да Афринди террордон тазалаган.А
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.