Түркиянын Битлис аймагында аскердик тик учак кулап түштү

Битлисте кырсыкка кабылган аскердик тик учактын кулап түшүшүнүн себебинен 9 аскер шейит болду.

1595278
Түркиянын Битлис аймагында аскердик тик учак кулап түштү

Битлисте кырсыкка кабылган аскердик тик учактын кулап түшүшүнүн себебинен 9 аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген билдирүүгө караганда, Бингөлдөн Татванды көздөй учуп чыккан Cougar үлгүсүндөгү тик учак менен Түркия убактысы боюнча саат 14:25те байланыш үзүлгөн.

Жасалган издөө-куткаруу иш-аракеттеринде катаал аба шарттарына байланыштуу кырсыкка учураган тик учактын кулап түшүшүнүн себебинен 9 аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алганы маалымдалды.

Жаралуу аскерлер дароо ооруканага жеткирилип дарылана баштады.



Тектеш кабарлар