Эрдоган: «Акыркы 2-3 жылда жүргүзгөн реформаларыбыздын өзү эле бир дастан»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Облус башчыларынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, тынч революция деп мүнөздөшкөн реформалар менен Түркиянын жүзүн толугу менен өзгөрткөндүктөрүн айтты.

1595084
Эрдоган: «Акыркы 2-3 жылда жүргүзгөн реформаларыбыздын өзү эле бир дастан»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, акыркы 2-3 жылда жүргүзгөн реформалары өз алдынча дастан экендигин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Облус башчыларынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, тынч революция деп мүнөздөшкөн реформалар менен Түркиянын жүзүн толугу менен өзгөрткөндүктөрүн айтты.

Эрдоган: «Акыркы 2-3 жылда жүргүзгөн реформаларыбыздын өзү эле бир дастан болуп саналат. Башкаруу тутуму изденүүлөрүнүн туу чокусу болгон Президенттик Өкмөт башкаруу тутумун өлкөгө биз киргиздик. Түркия башкаруу формасын орду түбү менен өзгөрттү»,-деди.

Президент, Түркияны алдыдагы кылымда жүрүшүнө жол көрсөтө турган камтуучу, ачык, демократиялык, либертариандык конституцияга ээ кыла тургандыктарын билдирди.

Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын шейшемби күнү коомчулук менен бөлүшкөндөрүн эске салган Эрдоган, кийинки жумада да экономикалык реформалар пакетин жарыялай тургандарын айтты.

Түркиянын экономикалык өсүшүнүн 1,8 пайыз деп жарыялангандыгын белгилеген Эрдоган, дүйнөлүк саламаттык кризиси болгон мезгилде Түркиянын өсүү көрсөткөн саналуу өлкөлөрдүн катарында орун алганын айтты.



Тектеш кабарлар