Түрк аба жолдору Европадагы лидерлигин улантууда

Түрк аба жолдору (THY) күнүнө орточо 554 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды.

1594517
Түрк аба жолдору Европадагы лидерлигин улантууда

Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) кечээки учуу кыймылы боюнча отчетуна караганда, Түрк аба жолдору (THY) күнүнө орточо 554 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды.

Тизмеде биринчи орунду ээлеген Түрк аба жолдорунан кийин 330 учуу менен Wideroe ээледи.

Үчүнчү орунда 322 каттам менен Air France, 4-орунда 271 рейс менен DHL, 5-орунда 239 рейс менен Pegasus Airlines жана 6-орунда 230 рейс менен KLM турат.

Отчетто күнүмдүк каттамдардын санында жалпысынан өсүү байкалгандыгы бирок 2019-жылга салыштырмалуу каттамдар 54,6 пайызга кыскаргандыгы жана Ryanair, Wizz Air, Easy Jet сыяктуу негизги авиакомпаниялардын тизмедеги алдыңкы 10 орундун арасына кире албай калгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар