Качкындар Болгариянын өздөрүн Түркияга карай кайтарышкандарын айтышты

Кыркларелинде кармалган 17 качкын Болгария чек ара бөлүктөрү тарабынан ур токмокко алынгандан кийин Түркияга жиберилгендерин айтышты.

1593620

Кыркларели облустук жандармерия командирлигинин топтору Болгария чек арасына жакын Кофчаз  районуна караштуу Малкочлар жана Йукарыканара айылдарында  качкындардын бар экендиги тууралуу маалымат алышты. Аймакта иш алып барган топтор Сирия тектүү 17 качкынды кармады.

Медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн чет элдиктер облустук жандармерия командирилигине алып барылды.

Качкындар  Болгарияда полицияга кармалышкандарын, ур  токтокко алынып баалуу буюмдары алынгандан кийин Түркия тарабына алып барып ташташкандарын ортого салышты. Андан кийин качкындар Пехливанкөй кайра кайтаруу борборуна тапшырылды.

Тектеш кабарлар