Эрдоган:«Биз өз улутубузга татыктуу жаңы жана жарандык конституция жөнүндө кыялыбызга жете элекпиз»

Президент Эрдоган Министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1593084
Эрдоган:«Биз өз улутубузга татыктуу жаңы жана жарандык конституция жөнүндө кыялыбызга жете элекпиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз жаңы жана жарандык конституция маселесин талкуулоого ачып, ар бир адамдын салымын алуу жолундабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

Саясий институттарынын эң маанилүү милдеттеринин бири Түркияны «бутуна тушалган төңкөрүш конституциясы кишенинен куткаруу» экендигине ишенгендерин айткан Эрдоган: «Тилекке каршы, биз өз улутубузга татыктуу жаңы жана жарандык конституция жөнүндө кыялыбызга жете элекпиз»,-деп айтты.

«Биз сөзү барларды, айрыкча бардык партияларды конструктивдүү түшүнүү менен жаңы жана жарандык конституцияны даярдоого катышууга чакырабыз»,-деп айткан Президент, ар бир адамдын салымын алуу максатында жолго чыгышканын жана бул жаатта өз иштерин башташканын белгиледи.


Этикеткалар: #конституция , #Эрдоган

Тектеш кабарлар