Түркияда эпидемиялык чара көрүүлөр жумшартылып, калыбына келүүлөр башталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1593073
Түркияда эпидемиялык чара көрүүлөр жумшартылып, калыбына келүүлөр башталды
Türkiye_Harita.jpg
erdogan 01.03.2021.jpeg

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 69 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 638 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 130 миң 506 тест жасалып, 645 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 9 миң 891 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 947 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 578 миң 181ге жогорулады.

Бир тараптан, президент Режеп Таййип Эрдоган, 2-мартка карата көзөмөлгө алынган калыбына келүү башталгандыгын билдирди.

Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин Эрдоган Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшкө байланыштуу билдирүү жасады.

Эпидемиялык чараларды ишке ашыргандан бери бир жылга жакын убакыт өткөндүгүн эске салган Эрдоган 2-мартка карата көзөмөлгө алынган калыбына келүү башталгандыгын билдирди.

Бардык шаарлардын 4 тобокелдик топко бөлүнөрүн жана бул категориялардын жума сайын тыкыр карала тургандыгын айткан Эрдоган, өнүгүүлөргө жараша чаралардын 2 жума сайын жергиликтүү деңгээлде күчөтүлөрүн же жумшартылаарын жарыялады.

Эрдоган:«9 миллионго жеткен эмдөөлөрдүн саны менен калктын 10 пайыздан ашыгына жеткен Түркия, дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарында орун алды»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар