Түрк аба жолдору (THY) Европадагы лидерлигин улантты

Европалык Аэронавигация Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) 22-28-февраль аралыгындагы учуу кыймылынын отчетун жарыялады.

1592988
Түрк аба жолдору (THY) Европадагы лидерлигин улантты

Түрк аба жолдору (THY) өткөн жумада күнүнө орто эсеп менен 608 каттам жасап Европада лидерлигин сактап калды.

Европалык Аэронавигация Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) 22-28-февраль аралыгындагы учуу кыймылынын отчетуна ылайык, THY европалык атаандаштарынан күнүнө орто эсеп менен 608 каттам менен ашып өттү.

Тизменин башындагы Түрк аба жолдорунан кийин күнүгө 357 каттамы менен Air France орун алды. Үчүнчү орун 257 каттам менен Widerde, 4-орунда 256 каттам менен Pegasus Airlines, 5-орунда 251 каттам менен KLM жана 6-орунда 222 рейс менен Lufthansa болгон.

Отчетто жалпысынан күнүмдүк каттамдардын санында ачык-айкын өсүш болгону, бирок 2019-жылга салыштырмалуу каттамдардын 65,6 пайызга азайганы белгиленди.



Тектеш кабарлар