Президенттик кабинет бүгүн чогулат

Жыйында коронавирус менен күрөшүү, билим берүү, вакцина тууралуу каралат.

1592465
Президенттик кабинет бүгүн чогулат

Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте боло турган Кабинет жыйынында коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде этап түрүндө калыбына келүү кенен каралат.

Мектептерде билим берүү, ресторан жана кафелердин акыркы абалы, коменданттык саат тууралуу жаңы чечимдерди президент Эрдоган билдирет.

Кабинет жыйынында Түркиядагы эмдөө процесси да каралат. Кытай жана Гермениядан алына турган вакциналардын акыркы абалы менен жергиликтүү вакцина чыгаруу иштери тууралуу сүйлөшүлөт.



Тектеш кабарлар