Президент Эрдоган "Адам укуктары тууралуу кыймыл планын" эртең билдирет

Пландын акыркы максатынын «жаңы жана жарандык конституция түзүү» экендиги белгиленди.

1592664
Президент Эрдоган "Адам укуктары тууралуу кыймыл планын" эртең билдирет

Адилеттик министрлиги даярдаган «Адам укуктарынын кыймыл планы» тууралуу эртең президент Р. Т. Эрдоган билдирет.

Пландын акыркы максатынын «жаңы жана жарандык конституция түзүү» экендиги белгиленди.

Президент Эрдоган билдире турган «Адам укуктарынын кыймыл планы» программасына саясий партиялардын лидерлери да чакырылды.

Түркия убактысы боюнча саат 13:30да баштала турган программа Бештепе Улуттук Конргесс жана Маданият Борборунда өткөрүлөт.

Программага Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп, жогорку соттун төрагалары, президенттик кабинеттин мүчөлөрү, мусулман болбогон жамааттардын өкүлдөрү, элчилер менен БУУ, Европа Биримдиги, Европа Кеңеши, Европа Адам Укуктары Сотунун өкүлдөрү, жарандык коом мекемелеринин төрагалары, ректорлор менен декандар, илимпоздор,юристтер, журналисттер катышат.

«Адам укуктарынын кыймыл планы» Түркиянын негизги саясий документи болот. План мыйзам чыгаруу жана башкаруу иш чараларына укуктук божомолдоолор жана тактыктын негизинде каралат. Мүлк ээси болуу, менчик укугуна, кылмыш жана жазанын, күнөөсүздүктүн деңгээлине күчтүү түрдө басым жасалган план менен бул тармактарда түрдүү өзгөртүүлөрдүн киргизилиши максат кылынууда.



Тектеш кабарлар