Азербайжандык 10 ардагер дарылануу үчүн Түркияга жиберилди

«Жашат» фонду мындан мурда да 13 ардагерди дарылануу үчүн Түркияга жиберген.

1592774
Азербайжандык 10 ардагер дарылануу үчүн Түркияга жиберилди

Тоолуу Карабахтагы согушта жараланган 10 азербайжандык ардагер дарылануу үчүн Түркияга жиберилди.

Шейит үй  - бүлөлөрү жана ардагерлердин маселелерин чечүү үчүн Азербайжан мамлекети тарабынан курулган «Жашат» фондунан берилген маалыматта азербайжандык дарыгерлердин көз карашына көңүл бурулуу менен 10 ардагердин дарылануу жана реаблитация процессинин Түркияда улантылары билдирилди.

Маалыматта «Жашат» фондунун мындан кийин да муктаждык боло турган болсо оор жаралуу ардагерлерди дарылоо үчүн өлкө тышына жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.

«Жашат» фонду мындан мурда да 13 ардагерди дарылануу үчүн Түркияга жиберген.



Тектеш кабарлар