Түркиядан Ооганстанга билдирүү...

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2021-жылы 1-мартта Түркия менен Ооганстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгы 100 жылдык мааракеге туура келгендиги айтылган.

1592125
Түркиядан Ооганстанга билдирүү...

Түркия, Ооганстан менен кызматташтыгынын бардык тармактарда мындан ары өнүгүүсүн каалаарын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2021-жылы 1-мартта Түркия менен Ооганстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгы 100 жылдык мааракеге туура келгендиги айтылган.

Билдирүүдө, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Ооганстандын Анкарадагы элчиси Амир Раминдин катышуусунда, мааракелик иш-чаралардын алкагында, 1-мартта Тышкы иштер министрлигинде өлкөлөр ортосундагы достукту чагылдырган көчөттөр отургузулат, андан кийин Чавушоглунун ооганстандык кесиптеши Ханиф Атмардын кожоюндугунда Кабулда боло турган салтанаттуу сый кечеге онлайн кайрылары маалымдалды.

Эки өлкө 1921-жылдын 1-мартында кол коюлган Түркия-Ооганстан Биримдиги Келишими менен дипломатиялык карым-катнаштардын орнотулгандыгын эске салган билдирүүдө, Түркиянын Кабулда ачкан элчилигинин, 1919-жылы эгемендик алгандан кийин Ооганстанда иш-аракетин баштаган биринчи дипломатиялык миссия болгондугу жана Ооганстандын Түркия Улуу Улуттук Жыйынын (ТУУЖ) расмий түрдө тааныган экинчи өлкө экендиги белгиленди.

Билдирүүдө, «Түркия-Ооганстан дипломатиялык мамилелерин орнотушунун 100 жылдык мааракесин белгилеген ушул өзгөчө жылда, кызматташтыгыбыздын бардык тармакта дагы өнүгүүсүн, Ооганстанда болуп жаткан зордук-зомбулуктун биротоло токтошун, өлкөдө туруктуу тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүшүн каалайбыз»,деген сөздөр камтылган.
 



Тектеш кабарлар