Президенттик атамекендик Google, Apple, Facebook иштеп чыгууну максаттоодо

TRT Academy журналы менен маектешкен Коч, сектордогу технологиялык гигант компаниялардын күчүнө каршы «атамекендик жана улуттук» эквиваленттерди түзүүнү максат кылышкандыгын айтты.

1592307
Президенттик атамекендик Google, Apple, Facebook иштеп чыгууну максаттоодо

Президенттиктин Санариптик конверсия кеңсенин башчысы Али Таха, Google, Apple, Facebook, Амазонка сыяктуу технология алптарынын альтернативаларын Түркияда өркүндөтүүнү максат кылгандыктарын айтты.

TRT Academy журналы менен маектешкен Коч, сектордогу технологиялык гигант компаниялардын күчүнө каршы «атамекендик жана улуттук» эквиваленттерди түзүүнү максат кылышкандыгын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» деген сөзүн эске салган Коч: «Мен санарип мааниде ушундай деп айтам: Дүйнө GAFAMдан чоңураак. GAFAM, башкача айтканда Google, Apple, Facebook, Amazon, Microsoft. Google биздин издөө тутумдарыбыздын бардыгын билет. Apple биздин компьютерди да, телефонду дагы билет. Биздин биометрикалык маалыматтар сыяктуу эле биздин манжа издерибизди да билет. Фейсбук бизге кимди жактыраарыбызды жана жактырбаганыбызды, эмне ичип-жегенибизди билет. Амазон кандай соода кылаарыбызды, кандай кинолорду көргөнүбүздү, эмнелерди жактырганыбызды жана эмнелерди жактырбаганыбызды билет. Microsoft биз колдонгон бардык операциялык тутумдарды билет»,-деди.

Бул компаниялар ушунчалык көп маалыматка ээ болуп турганда, эркиндик жана демократия жөнүндө сүйлөшүү бир аз кыйынга турарын баса белгилеген Али Таха Коч: «Бул беш компания сиз жөнүндө көптөгөн мамлекеттер билгенден көбүрөөк билишет. Эгерде бул компаниялар бардык маалыматтарды бири-бири менен бөлүшсө, анда биздин абалыбыз бузулат. Бул жагынан алганда, маалыматтардын коопсуздугу биздин чек аралардын коопсуздугу сыяктуу эле маанилүү жана артыкчылыктуу болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар