Эрдогандын 28-февраль билдирүүсү

Эрдоган Түркиянын саясий тарыхында «постмодерндик төңкөрүш» деп аталган 28-февралдагы процесстин 24 жылдыгына карата видео кайрылуу жарыялады.

1592282
Эрдогандын 28-февраль билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган төңкөрүш адамзатка каршы кылмыш болгонун айтты.

Эрдоган Түркиянын саясий тарыхында «постмодерндик төңкөрүш» деп аталган 28-февралдагы процесстин 24 жылдыгына карата видео кайрылуу жарыялады.

28-февралды башынан өткөргөнүн, мыйзамсыз камалгандыгын эске салган Эрдоган өз кайрылуусунда: «Төңкөрүш - бул адамзатка каршы кылмыш. Мен 28-февралды башыман өткөрдүм, 28-февралды билем. 28-февралда Стамбул Митрополитинин мэри болчумун. Мен окуган ырымдын айынан мыйзамсыз түрдө камалдым жана саясий турмушумду соңуна чыгарууга аракет кылышты. Учурда жалпы элдик добуш менен шайланган биринчи Түркиянын президенти катары кызмат кылуудамын. Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, мен сүйүктүү элиме даңк жана ар-намыс менен кызмат кылам».



Тектеш кабарлар