Челик грек аскерлеринин иммигранттарды сабаганына каршылык көрсөттү

Челик Твиттердеги билдирүүсүндө Грециянын элементтеринин иммигранттарга карата адамкерчиликсиз мамилесин улантып жаткандыгын баса белгиледи.

1592172
Челик грек аскерлеринин иммигранттарды сабаганына каршылык көрсөттү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик грек аскерлеринин Эдирне чек арасында иммигранттарды сабап, акчаларын жана паспортторун тартып алышын айыптады.

Челик Твиттердеги билдирүүсүндө Грециянын элементтеринин иммигранттарга карата адамкерчиликсиз мамилесин улантып жаткандыгын баса белгиледи.

«Биз грек аскерлеринин Эдирне чек арасында иммигранттарды сабап, акчаларын, паспортторун, ал тургай бут кийимин тартып алып, чек ара тилкесинен артка түртүп жибергенин айыптайбыз»,деген Челик: «Европа Биримдиги өз чек араларында мындай адамгерчиликсиз көрүнүштөргө жол бербеши керек. Бул чек араны коргоо эмес, адам укуктарын бузуу болуп саналат. Ушундай чек араларды коргоо миссиясы менен адам укуктары жана адам баалуулуктары жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн эмес. Биздин улутубуз ар дайым карапайым калктын баш калкалоочу жери катары эстелип келет, бул биздин эң чоң сыймыктануу булагыбыз. Арасында аялдар менен балдар да орун алган 29 иммигрантты куткарган Мехметчибизди (Түрк аскери) куттуктайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар