Акынжы ЧУУА быйыл Түрк куралдуу күчтөрүнө тапышырылат

Baykar Defense башкы менеджери Халук Байрактар, ​​Акынжы ЧУУA жөнүндө билдирүү жасады.

1592315
Акынжы ЧУУА быйыл Түрк куралдуу күчтөрүнө тапышырылат

Акынжы чабуул коюучу учкучсуз учуучу аппараты (ЧУУA) алгач Түрк аба күчтөрүнө жана Түрк деңиз күчтөрүнө тапшырылат.

Baykar Defense башкы менеджери Халук Байрактар, ​​Акынжы ЧУУA жөнүндө билдирүү жасады.

Ушул убакка чейин үч прототип чыгарылган Акынжы ЧУУA кыска убакыттын ичинде атуу сыноолорун башташы күтүлүүдө.

Түрк куралдуу күчтөрүнө биринчи Акынжы ЧУУAны 2021-жылдын аягына чейин тапшырууну пландаштырган Baykar Defence, ошондой эле УУАнын убакыттын өтүшү менен ар башка конфигурацияларын иштеп чыгууну максат кылат. Акынжынын массалык өндүрүш иш-аракеттери башталды.

Акынжы ЧУУA өзүнүн алдыңкы техникалык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу согуштук учактар ​​аткарган айрым тапшырмаларды аткара алат.

Өзгөчө буралган канат түзүлүшү менен Акынжы канаттарынын узундугу 20 метрге жетет жана көп сандаган ок-дары бекеттери болот; ал 40 миң фут бийиктикте 24 саат бою абада болуп, 1350 килограмм жүк көтөрө алат.



Тектеш кабарлар