Түркия Малидеги террордук кол салууну айыптады

Бандиагара аскер базасына белгисиз куралчан адамдар кол салып, 8 аскердин каза тапкандыгы жана 5 аскердин жаракат алгандыгы кабарланган болчу.

1591638
Түркия Малидеги террордук кол салууну айыптады

Түркия, Малидеги жандармерия бөлүгүн бутага алган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 25-февралда Малинин Бандиагара аймагындагы жандармерия бөлүгүн бутага алган террордук кол салууда көптөгөн коопсуздук кызматкерлеринин каза болушу жана жаракат алышы терең капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз бул террордук кол салууну айыптайбыз. Дос жана бир тууган Малинин элине, өкмөтүнө, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз» делди.

Мали армиясынын билдирүүсүндө, Мопти аймагындагы Бандиагара аскер базасына белгисиз куралчан адамдар кол салып, 8 аскердин каза тапкандыгы жана 5 аскердин жаракат алгандыгы кабарланган болчу.



Тектеш кабарлар