Шри-Ланкада Ковид-19 курмандыктарынын сөөктөрүн өрттөө зарылдыгы алынып салынды

Түркия, сөөктөрдү өрттөө зарылдыгынын алынып салынышын кубаттады.

1591677
Шри-Ланкада Ковид-19 курмандыктарынын сөөктөрүн өрттөө зарылдыгы алынып салынды

Түркия, Шри-Ланкада коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун сөөктөрүн өрттөө зарылдыгынын алынып салынышын кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Шри-Ланкада Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын сөөктөрүнүн көмүлүшүнө байланыштуу кабыл алынган чечимге байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Өлкөдөгү мусулмандардын Шри-Ланканын геологиялык шарттарынан улам Ковид-19дан каза болгон ар бир адамдын сөөгүн өрттөп көмүү милдетинин өзгөртүлүшүн күткөндөрүн эске салган Аксой: «Негизи мындай тартиптин медициналык жактан кереги жок экени боюнча Шри-Ланканын тиешелүү органдары да билдиришкен болчу. Жаңы чечим менен Шри-Ланка элинин бардык мүчөлөрүнүн аларга таандык диний ишенимдерге жараша көмүлүшүнө уруксат берилип жаткандыгына кубандык», деди.

Шри-Ланкада эл аралык коомчулуктун каршылыгын тарткан Ковид-19 курмандыктарынын сөөктөрүн өрттөө зарылдыгы Пакистандын премьер-министри Имран Хандын өлкөгө сапарынан кийин алынып салынды.



Тектеш кабарлар