Нигерияда уурдалган окуучу кыздар

Жети кыздын качып кутулгандыгы билдирилди.

1591722
Нигерияда уурдалган окуучу кыздар

Кечээ Нигериянын Замфара аймагында мектеп – интернатка жаслаган кол салууда уурдалган 317 кыз окуучудан жетөөсүнүн качып кутулгандыгы белгиленди.

Улуттук басма сөзгө чыккан кабарларда окуучулардын куралдуу кишилер менен токойдо бара жатып качып кеткендиги жана үй- бүлөлөрүнө кайткандыгы билдирилди. Ошол эле учурда Замфара аймагынын губернатору Белло Мохаммед Матавалле аймакта жүздөгөн окуучунун уурдалышы менен бардык мектептердин кийинки буйрукка чейин жабык болорун жарыялады. Замфара калкы үчүн абдан кыйын мезгил экендигин белгилеген Матавалле : «Элди тынчтанууга жана азыркы абалды саясий максаттарга жетүү үчүн колдонууну каалагандардын жаман ниетине каршы турууга чакырамын.Буйруса чечкиндүүлүгүбүз менен бул абалдан дагы күчтүү болуп чыгабыз»,- деди.

Маттавелле уурдалган кыздарды куткаруу иштеринин баштатылгандыгын айтты.

Куралдуу кишилер кечээ эрте менен Замфара аймагындагы Жангебе аймагында бир кыздар лицейине кол салып 317 окуучуну уурдаган.



Тектеш кабарлар