Эрдоган Кызылжахамам-Черкеш туннелинин ачылыш аземине катышты
Эрдоган: «Бул долбоор учурдагы каттамды 2,4 чакырымга кыскартып, күйүүчү майдан жылына болжол менен 7,5 миллион лираны үнөмдөйт»,- деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздүн бүтүндүгү, улутубуздун биримдиги, мамлекетибиздин сакталышы сөз болгондо керек болсо жашообузду ортого салабыз»,-деди.
Эрдоган Кызылжахамам-Черкеш туннелинин ачылыш аземине түз байланыш менен катышты.
«Акыркы 18 жылда биз өлкөбүздүн кургактыктан абага, темиринен деңизине чейинки бардык транспорттук линияларында мобилизацияны баштадык» деген президент Эрдоган: «Аэропортторубуздан ылдам жүрүүчү поезд линияларына чейинки берки транспорттук каражаттарды да натыйжалуу пайдалануу бул биздин жол тармагыбыздын кеңири жайылышынын көрсөткүчү. Бири-бирин толуктаган бул транспорттук тармактардын негизинде адамдык өнүгүү жана экономикалык инфраструктура жагынан биз келечегибизге ишенимдүү карай алабыз»,-деди.
Режеп Таййип Эрдоган: «Биз инвестицияларды пландаштырып жана ишке ашырып жатканда өз улутубузга гана ойлодук. Элибиздин эмнеге муктаждыгы бар экенин, эмне каалаганын, эмнеге татыктуу экенин карап чыгып долбоорлорубузду бир-бирден ишке ашырдык»,-деп билдирди.
Эрдоган өз сөзүндө Кызылжахамам-Черкеш туннели жөнүндө: «Бул долбоор учурдагы каттамды 2,4 чакырымга кыскартып, күйүүчү майдан жылына болжол менен 7,5 миллион лираны үнөмдөйт»,- деди.