Зеленский Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Зеленский Твиттерден түрк тилинде куттуктоо жолдоду.

1591242
Зеленский Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Зеленский, Твиттерден түрк тилинде жарыялаган куттуктоосунда, Түркиянын Украинанын эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалагандыгын айтты.

Түркияга жасаган иш сапарын кубануу менен эстегендигин жана эки тараптуу карым-катнаштарды тереңдетүү максатында Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин 9-отурумун күтүп жатканын айткан Зеленский: «Менин жакын досум жана өнөктөшүм президент Режеп Таййип Эрдогандын туулган күнү куттуу болсун!»,-деди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши да (Түрк Кеңеши) президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жана өзүнүн атынан куттуктоо жолдогон баш катчы Багдад Амреев: «Учурда Түркия Республикасы, сиздин акылман лидерлигиңиздин негизинде маанилүү социалдык-экономикалык жана илимий өнүгүүлөргө жетишип, дүйнөлүк масштабда күч борборуна айланды»,-деди.

Амреев, президент Эрдогандын жана Түркиядагы тиешелүү мекемелер менен уюмдардын Түрк Кеңешинин алкагында достукка жана боордоштукка негизделген көп тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө маанилүү роль ойногонун айтты.



Тектеш кабарлар