Тышкы иштер министри Хорватияда мусулман жамааты менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу : «Жалгыз эмессиңер.Түркия жана түрк калкы катары ар дайым жаныңардабыз»,- деди.

1591190
Тышкы иштер министри Хорватияда мусулман жамааты менен жолугушту

 Хорватиядамусулман жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Жалгыз эмессиңер.Түркия жана түрк калкы катары ар дайым жаныңардабыз»,- деди.

Мевлүт Чавушоглун Хорватия сапарынын биринчи аялдамасы болгон Загреб ислам борборунда Түркиянын Загребдеги элчиси Мусатафа Бабүр Хызлан, Хорватия Ислам Биримдигинин төрагасы муфтий Азиз Хасанович жана Хорватия мусулман жамаатынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Мешихадга келгени үчүн кубанычтуу экендигин белгилеген Чавушоглу : «Сиздерге Түркиядан салам алып келдик. Президентибиз Р. Т. Эрдоган, Дин иштеринин төрагасы Али Эрбаш жана түрк калкы салам жолдоду»,- деди.

Муфтий Хасанович да сөзүндө Чавушоглунун сапарын Хорватиядагы мусулмандар үчүн улуу күн катары мүнөздөп : «Жаман жана жакшы күндөрдө бардык нерсени бөлүшө алган боордошубуздун бар экенинин көрсөткүчү. Урматтуу Эрдогандын 2016 -жылы бул жерге келиши биздин үммөтүбүздүн бир бөлүгү экенибиздин белгиси эле»,- деди.

Чавушоглу жолугушуудан кийин 1991 – 1995 -жылдары болгон ата мекендик согушта шейит болгон мусулмандардын элесинекурулган шейиттикке да барды.

 

 



Тектеш кабарлар