Түркия Нидерландияда 1915 - жылдагы окуялар тууралуу чыгарылган чечимге каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Нидерландия өкүлдөр палатасында кечээ кабыл алынган чечим тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1591292
Түркия Нидерландияда 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу чыгарылган чечимге каршылык көрсөттү

Түркия Нидерландия Өкүлдөр палатасынын Нидерландия өкмөтүн «1915 -жылдагы окуяларды геноцид катары кабыл алууга» чакырган чечимине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Нидерландия өкүлдөр палатасында кечээ кабыл алынган чечим тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

«Бүгүн (25- феаралда) Нидерландия Өкүлдөр палатасында кабыл алынган жана өкмөттү 1915-жылдагы окуяларды геноцид катары кабыл алууга чакырган чечими тарыхты саясий мотивдер менен кайра жазуу мүнөзүндөгү өкүмсүз аракет»,- деген Аксой : «Парламент тарых жазуу жана териштирүү жери эмес. Бул чечимге кошулгандар 1915 -жылы чындыгында эмне болгонун иликтөөнүн ордуна популисттик добуштардын артынан чуркоодо»,- деп билдирди.

Бул чечимге кол койгондорду БУУнун 1948 -жылдагы геноцид кылмышын алдына алуу жана жазаландырылышы келишими менен Европа Адам Укуктары Сотунун чечимдерин текшерүүгө чакырган Аксой : «Тарыхый бир маселенин дагы жакы түшүнүлүшүнө карата аракеттерди колдоого чакырабыз. Армения жооп бербеген Биргелешкен Тарых Комиссиясы сунушубуз бул аракеттердин башында турат»,- деди.

Аксой Нидерландия өкмөтүнөн мыйзамдын үстөмдүгүн коргогон мамилени кабыл алышын күткөндүгүн баса белгилеп : «Нидерландия өкүлдөр палатасы акыркы мезгилде кылганындайчындыктардан алыс, Түркияга каршы чечимдерди чыгаруунун ордуна убактысын бетме- бет келген расистик,ислам жана чет элдик душмандыгы менен акыркы жолу өкмөттүн арыз беришине чейин барган бөлүүчү кыймылдар менен күрөшүүгөбөлүшү туура болот»,- деди.



Тектеш кабарлар