Шентоп "Хожалы кыргынында" курман болгондорду эскерди

Шентоп: «Хожалы кыргынында курман болгон бир туугандарыбызды таазим кылып эскеремин»

1591520
Шентоп "Хожалы кыргынында" курман болгондорду эскерди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Төрагасы Мустафа Шентоп, "тарыхтагы кара так" деп аталган Хожалы кыргынында курман болгондорду эскерди.

Шентоп, Твиттердеги баракчасынан Хожалы кыргынынын 29 жылдыгынан улам жарыялаган билдирүүсүндө: «1992-жылы 26-февралда болгон жана "тарыхтагы кара так"деп аталып калган Хожалы кыргынында курман болгон бир туугандарыбызды таазим кылып эскеремин. Биз 613 жаныбызды унута элекпиз, эч качан унутпайбыз ... Акыры бир күнү Азербайжандын желегин Карабахка илебиз дегенбиз өткөн жылы. Кудайга шүгүр бул ишке ашты»,-деди.



Тектеш кабарлар