Президент Эрдогандын Армения тууралуу билдирүүсү
"Козголоңдун бардык түрүнө каршыбыз"
Президент Р. Т. Эрдоган (Армениядагы козголоң кыймылы тууралуу) : «Биз козголоңдун бардык түрүнө каршыбыз. Козголоң кыймылдарын кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Башкаруу өзгөрүлө турган бул өзгөрүүнү Армения калкы аткарат»,- деди.
Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Арменияда болгондорго баа берген Эрдоган : «Аскердин кийлигишүүсү менен козголоң кыймылына киришүү эч качан кабыл алынбайт»,- деди.
Армениянын премьер- министри Никол Пашиняндын эл тарабынан ансыз да кулатыла турган абалда экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бирок сөз козголоң болсо козголоңго көз карашыбыз башка»,- деди.
Президент Эрдоган: «Эгерде бир башкаруу өзгөртүлө турган болсо бул башкарууну Армения калкы өзгөртөт. Муну да Армения калкына калтыруу керек»,- деди.