Президент Эрдоган үчүн туулган күн сюрпризи

Кондитер дүкөнүнүн ээси торт менен Эрдоганды тосуп алып, «Көп жашаңыз, Аллах сизге узак өмүр берсин»,-деди.

1591426
Президент Эрдоган үчүн туулган күн сюрпризи

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 67 жаш мааракесине карата жарандар анын үйүнүн алдында сюрприз жасашты.

Жума намазына баруу үчүн Стамбул Кысыклыдагы резиденциясынан чыккан Эрдоган, үйүнүн жанындагы кондитер дүкөнүнүн кызматкерлери 67 жаш мааракесинен улам торт менен күтүп тургандыгын көрүп конвойду токтотту.

Кондитер дүкөнүнүн ээси даярдалган торт менен Эрдоганды тосуп алып, «Көп жашаңыз, Аллах сизге узак өмүр берсин»,-деди.

Президент Эрдоган да: «Чогуу узак өмүр сүрөлү. Аллах бизге өлкөбүздү жогорку деңгээлге көтөрүп, ошол күндөрдү чогуу өткөрүүгө насип кылсын» деген сөздөрү менен жооп берди.

Басма сөз кызматкерлери да Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты. Президент Эрдоган журналисттерге: «Раббим бизге ден-соолукта, бакубатчылыкта жана бакубат жашоодо өлкөбүзгө, улутбузга дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылууну насип кылсын. Баардыгы чогуу болсун ... Чоң рахмат»,-деди.



Тектеш кабарлар