Дүйнө лидерлери Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты

Эрдоган, туулган күнүнө байланыштуу ага телефон чалган лидерлер менен сүйлөштү.

1591534
Дүйнө лидерлери Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, туулган күнүнө байланыштуу ага телефон чалган лидерлер менен сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдиргендей, президент Эрдоган Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Босния-Герцеговинанын Элдер Ассамблеясынын төрагасынын орун басары жана Демократиялык аракеттер партиясынын жетекчиси Бакир Иззетбегович менен телефон аркылуу байланышты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө, туулган күнү менен куттуктаган лидерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев дагы Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Токаев, Режеп Таййип Эрдоганга жолдогон куттуктоосунда: «Түркия сиздин таасирдүү лидерлигиңиздин жана жүргүзгөн тең салмактуу саясатыңыздын негизинде өнүгүүсүн улантып, жарандарыңыздын жыргалчылыгын жогорулатуу, аймактагы жана эл аралык аренадагы өз позициясын бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды жасап жатат. Ушуга байланыштуу сизге жаңы демилгелериңизди жүзөгө ашыруу аракеттериңизге ийгилик каалайм», деди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши да (Түрк Кеңеши) президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жана өзүнүн атынан куттуктоо жолдогон баш катчы Багдад Амреев: «Учурда Түркия Республикасы, сиздин акылман лидерлигиңиздин негизинде маанилүү социалдык-экономикалык жана илимий өнүгүүлөргө жетишип, дүйнөлүк масштабда күч борборуна айланды»,-деди.

Амреев, президент Эрдогандын жана Түркиядагы тиешелүү мекемелер менен уюмдардын Түрк Кеңешинин алкагында достукка жана боордоштукка негизделген көп тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө маанилүү роль ойногонун айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Зеленский, Твиттерден түрк тилинде жарыялаган куттуктоосунда, Түркиянын Украинанын эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалагандыгын айтты.

Түркияга жасаган иш сапарын кубануу менен эстегендигин жана эки тараптуу карым-катнаштарды тереңдетүү максатында Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин 9-отурумун күтүп жатканын айткан Зеленский: «Менин жакын досум жана өнөктөшүм президент Режеп Таййип Эрдогандын туулган күнү куттуу болсун!»,-деди.

 



Тектеш кабарлар