Түркиянын Ковид - 19 менен күрөшү улантылууда
Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 28 миң 358ге жетти.
Түркиянын Ковид - 19 менен күрөшү улантылууда. 24 саатта 73 киши каза болду. Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 28 миң 358ге жетти.
Бир күндө 126 527 тест жасалып 658 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 9 572 болду.
Айыгып ооруканадан чыккан 6 210 киши менен айыккандардын жалпы саны 2 миллион 546 503кө жогорулады.
Бир тараптан саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа : "Эми глобалдык эпидемиянын социалдык турмушка таасири жана калыбына келүү мезгилине өтүп жатабыз",- деди. Министр Кожа Илимий Кеңеш менен өткөргөн жыйындан кийин берген билдирүүсүндө : "Эмдөөдө 1, 5 миллион экинчи дозада 8 миллион кишиге жеттик. Эмдөө планындагы биринчи этаптын акырына жакындадык",- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.