Түркия Армениядагы төңкөрүш аракетин айыптады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын борбору Будапештте расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

1590687
Түркия Армениядагы төңкөрүш аракетин айыптады

Түркия, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун төңкөрүшкө жана төңкөрүш аракетине каршы экендигин жана Армениядагы окуяларды да кескин айыптагандыгын жарыялады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын борбору Будапештте расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Министр Чавушоглу Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Петер Шийарто менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу венгриялык кесиптеши Питер Шийарто менен биргелешкен билдирүү жасады.

Түркиянын жана Европанын күн тартибиндеги көптөгөн маселелерди талкуулагандарын айткан Чавушоглу, эки тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрө тургандарын белгилеп, «Биз ошондой эле Африка менен кызматташуубузду чыңдоо үчүн иштеп жатабыз»,-деди.

Чавушоглу, Арменияда болгон окуяга байланыштуу, «Биз дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун төңкөрүшкө жана төңкөрүш аракетине каршыбыз. Армениядагы окуяларды да кескин айыптайбыз. Аймактагы өлкөлөр менен дагы эмне кыла ала турганыбызды сүйлөшүп жатабыз. Төңкөрүш аракеттери өлкөнүн ырааттуулугун бузуучу кадам болуп саналат. Түркиянын бул мамилеси принциптүү мамиле болуп саналат. Биз төңкөрүшкө каршыбыз»,-деп айтты.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик өзүнүн Твиттердеги эсебинен, «Адаттагыдай эле, биз бардык төңкөрүш аракеттерине каршыбыз. Биздин аймакта туруксуздаштыруучу окуялардын көбөйүшүн каалабайбыз. Армениядагы төңкөрүш аракети аймактык туруксуздукту көкүткөн кесепеттерге ээ»,-деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Армениядагы төңкөрүш аракетин айыптагандарын айтты.

Калын, социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө, «Төңкөрүштөр ар дайым демократиялык процесстерди үзгүлтүккө учураткан  жана башаламандыкты жараткан. Армениядагы жараян токтоосуз өз калыбына келишин үмүт кылабыз»,деген сөздөрдү жазды.

Армениянын Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарян жана жогорку командирлер билдирүү жасап, премьер-министр Никол Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырышты. Пашинян болсо өлкөдө төңкөрүш аракети болгонун айтып, Башкы штабдын төрагасы Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады.



Тектеш кабарлар