Биринчи транзиттик экспорттук контейнерлер Европага жөнөтүлдү

Аземде сөз сүйлөгөн Текирдагдын губернатору Азиз Йылдырым, Түркиянын аймактык жактан абдан маанилүү позицияда экендигин жана чыгыш менен батышты бириктиргендигин айтты.

1590854
Биринчи транзиттик экспорттук контейнерлер Европага жөнөтүлдү

Бүгүн биринчи транзиттик экспорттук контейнерлер Текирдагдан Европага жөнөтүлдү.

Кот-д'Ивуардан кеме менен Түркияга алынып келинген жүк, Текирдагдан поезд менен Европага жөнөтүлдү.

Ар кандай буюмдарды ташыган контейнерлер кеме менен портко жеткирилди. Кемеден түшүрүлгөн контейнерлер Медлог темир жол станциясына өткөрүлүп берилди.

Андан соң контейнерлер жүктөлгөн поезд салтанаттуу түрдө Болгарияга жөнөтүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Текирдагдын губернатору Азиз Йылдырым, Түркиянын аймактык жактан абдан маанилүү позицияда экендигин жана чыгыш менен батышты бириктиргендигин айтты.

Йылдырым: «Болгарияга мурун 10-12 күндүк айырма менен жете турган жүк эми эртең кечинде заводдо болот. Бул чындыгында маанилүү айырмачылык. Айрыкча өнөр жайда, атаандаштык күч алган жерлерде бул 10-12 күндүк убакыт айырмасынын эмнени билдиргенин байкасаңыз болот. Биз бүгүн биринчи транзиттик экспорттук контейнерлерди узатып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар