Түркия Грециянын Халкидики аймагында табылган Осмон дооруна таандык көрүстөн боюнча демилге көтөрдү

Грециянын Түркиядагы Элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды жана Түркиянын Грециядагы Элчилиги тарабынан Грециянын Тышкы иштер минтистрлиги багытында иш-аракет түшүндүрүлгөнү билдирилди.

1589746
Түркия Грециянын Халкидики аймагында табылган Осмон дооруна таандык көрүстөн боюнча демилге көтөрдү

Грециянын Халкидики шаарындагы Гаргара (Симандра) айылындагы мектептин короосуна курулган спорт залдын курулушу учурунда Осмон доорундагы мусулмандардын көрүстөнү табылды.

Грециянын Түркиядагы Элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды жана Түркиянын Грециядагы Элчилиги тарабынан Грециянын Тышкы иштер минтистрлиги багытында иш-аракет түшүндүрүлгөнү билдирилди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, курулуш убагында Осмон доорунан калган мусулман көрүстөнүнө кездешилгени жөнүндө басма сөздө чыккан маалыматтар боюнча  Түркиянын Салоникидеги Башкы консулдугу тарабынан  аталган айылга сапар жасалганы жана жергиликтүү грек бийликтерине токтоосуз кайрылуу жасалып маалымат суралганы айтылды.

Билдирүүдө: «Бул демилгелердин натыйжасында аталган курулуш аймагынан биздин ата-бабаларыбызга таандык 201 мүрзө табылганы белгилүү болду, бирок биздин өлкөгө маалымдалбастан, сөөктөр жергиликтүү бийлик тарабынан Халкидики жана Айнароз байыркы эстеликтеринин сактагычында сакталып тургандыгы белгилүү болду. Бул маалыматтар алынаар замат Грециянын Анкарадагы элчиси бүгүн Министрлигибизге чакырылды жана Афинадагы Элчилигибиз дагы Грециянын Тышкы иштер министрлигине аракет жасады. Бул аракеттерде биздин мамлекетке мүрзөлөр жөнүндө алдын ала маалымат берилбегендиги боюнча түшүндүрүүсү талап кылынып, курулуш иштеринин токтоосуз токтотулушу, коргоого алынган сөөктөр диний ишенимдерибизге ылайык азем менен ордуна көмүлүп жана сөөк коюлган жер мусулмандардын көрүстөнү экени көрсөтүлүшү талап кылынды»,деп жазылды.



Тектеш кабарлар