"Струма" кемесинде каза болгондор эскерилди

Бул трагедиялуу окуяны эскерүү максатында 2015-жылдан бери жыл сайын 24-февралда азем өткөрүлүп турат.

1590054
"Струма" кемесинде каза болгондор эскерилди

Тышкы иштер министрлигинин басма катчысы Хами Аксой, нацисттик куугунтуктан качкан жөөт качкындарды ташыган "Струма" кемесинде каза тапкандарды урматтоо менен эскергендерин билдирди.

Аксой Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда фашисттердин жана алардын колдоочуларынын куугунтуктоосунан качкан жөөт качкындарын ташып бараткан "Струма" кемесинин 1942-жылдын 24-февралында Кара деңизде советтик суу алдында жүрүүчү кеме тарабынан чөктүрүлүшүнөн улам каза болгон 768 кишини эскерүү жөнүндөгү суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой төмөнкү сөздөрдү жазды: «Бул трагедиялуу окуяны эскерүү максатында 2015-жылдан бери жыл сайын 24-февралда Стамбулдун Губернаторлугу тарабынан уюштурулган жана түрк-жөөт жамаатынын салымы менен Сарайбурнунда азем өткөрүлүп турат. Бүгүн Сарайбурнуда өткөрүлгөн азем менен Холокосттон качууга аракет кылып жатып 79 жыл мурун "Струма" кемесинде курман болгондорду таазим кылып эскеребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар