Эрдоган: «Бул операциялар биздин мыйзамдуу укугубуз жана гуманитардык милдетибиз»

Эрдоган партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1589905
Эрдоган: «Бул операциялар биздин мыйзамдуу укугубуз жана гуманитардык милдетибиз»
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек араларынын ичинде жана тышында жүргүзүп жаткан террорго каршы күрөшүү операцияларынын мыйзамдуу укугу жана гуманитардык милдети экенин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүнүн кээ бир өлкөлөрдү тынчсыздандырып жатканын белгилеген Эрдоган: «Дагы бир жолу айтайын. Бул операциялар биздин мыйзамдуу укугубуз жана гуманитардык милдетибиз. Керек болсо өз булагына чейин кирип аны тазалоо биздин милдетибиз»,- деди.

Президент: «Эмне кылышса дагы биздин улуттун биримдигин, ынтымагын буза алышпайт. Көз карандысыздыкка жана келечекке болгон сүйүүбүздү өчүрө алышпайт. Жаныбыздан баалуу деп эсептеген мекенибизди бөлүп жара алышпайт. Өлкөбүздү чөгөлөтө алышпайт»,- деп айтты.

Эрдоган андан кийин АК партиянын Агры, Ардахан, Болу, Диярбакыр, Хатайдагы 7-кезектеги облустук курултайына түз байланыш аркылуу катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, жүргүзүлгөн операциялардын жана көрүлгөн чаралардын негизинде уюмга кошулгандардын санынын азайгандыгын билдирген Эрдоган: «Улутубуздун биримдигин жана тилектештигин бутага алгандардын төккөн ар бир тамчы кандын эсебин эсеси менен сурап жатабыз»,-деди.

Дүйнөдөгү бардык тең салмактуулуктарды өзгөрткөн коронавирус (Ковид-19) пандемиясына да кылдаттык менен байкоо салып жатышканын билдирген Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүзгө да таасирин тийгизген вирус, 2 миллиондон ашуун жараныбыздын Ковид-19га кабылышына себеп болду. Көргөн чараларыбыздын негизинде биз аны эң аз зыян менен жеңүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишип, 2020-жылды өсүү менен жапкан өлкөлөрдүн бири болдук»,-деди.

Президент: «Учурда Батыш өлкөлөрү Түркиянын саламаттык сактоо системасынан үлгү алууда»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар