Тышкы иштер министри : "Түркмөн газы үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз"
Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстан газынын Түркияга келиши жана Түркия аркылуу Европага жеткирилиши үчүн өз милдеттерин аткарууга даяр экендерин белгиледи.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстан газынын Түркияга келиши жана Түркия аркылуу Европага жеткирилиши үчүн өз милдеттерин аткарууга даяр экендерин белгиледи. Чавушоглу менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жекеме жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин тышкы иштер министрлигинде биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү.
Жекеме - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларда эки өлкөнүн кайсы тармактарда кадам ташташарын сүйлөшкөндөрүн айткан Чавушоглу ушул алкакта даярдала турган жол картасын карап чыгышкандарын баса белгиледи.
Түрк фирмаларынын аймакта кызматташууга даяр экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Түркмөн газынын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткирилиши үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,- деди.
Жолугушууда эки тараптуу соода жана экономикалык карым - катнаштарга токолгон Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов : «Энертегика, транспорт, жогорку технология жана башка темалар боюнча долбоорлорду биргеликте жүргүзө алабыз. Биз өз тарабыбызда пландарды, программаларды түзөбүз жана түрк досторубуздга сунуш кылабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.