Түркия Конго Демократиялык Республикасындагы кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү
Түркия, Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын конвоюна болгон кол салууну кескин айыптап, кол салуудан каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарында БУУга караштуу конвойго жасалган кол салууда Италиянын Киншасадагы элчиси Лука Аттанасио менен анын жакын күзөтчүсү жана айдоочусунун каза тапкандыгы катуу капа салгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Биз бул мыкаачылык кол салууну кескин айыптайбыз. Дос итальян элинин жана өкмөтүнүн кайгысын тең бөлүшүп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз», деген сөздөр камтылды.
Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Гома жана Букаву шаарларынын ортосундагы жолдо, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00 чамасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына таандык конвойго каршы жеңил курал колдонгон террорчулардын тобу кол салышкан.
Окуяда Италиянын 2017-жылдан берки Конго Демократиялык Республикасындагы элчиси 43 жаштагы Лука Аттанасио, коопсуздук кызматкери Витторио Яковаччи жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын айдоочусу көз жумган.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.