Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

«Тынчтык булагы» аймагына кирүү аракетинин ийгиликтүү алдын алынгандыгы белгиленди.

1589009
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Сирияда «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ ЙПГге мүчө төрт террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин маалыматында, «Тынчтык булагы» аймагына кирүү аракетинин ийгиликтүү алдын алынгандыгы белгиленди.

Маалыматта, тынчтык жана коопсуздукту бузуу максатында кол салууга жана кирүүгө аракет кылган ПКК/ ЙПГ мүчөсү 4 террористтин десанттар тарабынан таасирсиз кылынгандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар