Эрдоган: «Ковид-19га каршы эң ийгиликтүү эмдөө жүргүзгөн өлкөТүркия»

Президент Эрдоган, Анкара губернаторлугунун билим берүү мекемелеринин массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1589210
Эрдоган: «Ковид-19га каршы эң ийгиликтүү эмдөө жүргүзгөн өлкөТүркия»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөдө коронавируска (Ковид-19) каршы эң ийгиликтүү эмдөө жүргүзгөн өлкөнүн Түркия экенин айтты.

Президент Эрдоган Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Анкара губернаторлугунун билим берүү мекемелеринин массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө Ковид-19 пандемиясынын башталышы менен санариптештирүүнүн болуп көрбөгөндөй маанилүү болгондугун айткан Эрдоган: «Биз бир жагынан жоготуп, экинчи жагынан санариптештирүү менен бир топ аралыкты басып өттүк»,-деди.

 «2020-жылдын 23-мартында дистанттык билим бере баштаганыбыздан бери 180 миллионго жакын онлайн сабак берилди»,-деген Эрдоган: «657 миңи эпидемия мезгилинде болуп жалпысынан 2 миллион планшеттик компьютерди студенттерибизге жеткирдик»,-деп билдирди.

Президент Эрдоган, Ковид-19 менен күрөшүүгө байланыштуу: «Учурда дүйнөдө эмдөөнү ийгиликтүү жүргүзүп жаткан өлкө Түркия. Эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 7,5 миллионго жетти. Биз бул процессти чечкиндүү түрдө улантып жатабыз»,-деди.

«Ковид-19га чалдыккандардын санын азайтууга карата алдыдагы мезгилде жаңы кадамдарды улантабыз» деген Эрдоган Ковид-19 вакцинасы жөнүндө да: «Кошумча жаңы чараларды көрүп жатабыз, анткени кандайдыр бир жайбаракаттык кайрадан күчөп кетишине себеп болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган бетме-бет билим берүүгө байланыштуу болсо: «Биз мугалимдерибиз менен окуучуларыбыздын эртерээк жолугушуусу үчүн көп күч-аракет жумшап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар