Жергиликтүү куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ - 2 жаңы рекордго жетти

Байрактар ТБ – 2  300 000 учуу саатын ийгиликтүү аяктап түрк авиация тарыхында жаңы бир рекордго жетишти.

1588302
Жергиликтүү куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ - 2 жаңы рекордго жетти

Түркиянын алгачкы жергиликтүү куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ – 2  300 000 учуу саатын ийгиликтүү аяктап түрк авиация тарыхында жаңы бир рекордго жетишти.

Түркиянын улуттук куралдуу учкучсуз аба аппараты системаларын чыгарган Байрактар тарабынан берилген маалыматка ылайык Байрактар ТБ – 2 маанилүү этабынан өттү.

Түрк авиация тарыхында алгачкыларга кол койгон Байрактар ТБ – 2  300 000 учуу саатын ийгиликтүү аяктады.

Ушундайча жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен долбоорлонуп чыгарылган бул класстагы бир аба унаасы 300 000 саат учуп көк жүзүндө узун убакыт учкан биринчи улуттук аба унаасы болду.

Байрактар ТБ – 2  куралдуу учкучсуз аба унаасы коопсуздук күчтөрү тарабынан 2014 -  жылдан бери өлкө ичи жана өлкө тышында террор менен күрөшүүдө активдүү колдонулууда.

Түркия, Украина, Катар жана Азербайжандын инвентарында орун алган 160 Байрактар ТБ – 2  куралдуу учкучсуз аба аппараттары кызмат кылууну улантууда.



Тектеш кабарлар