Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу Башаганын конвоюна карата кол салуудан улам көңүл айтты.

1588365
Тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  Ливиянын ички иштер министри Фетхи  Башага менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу Башаганын конвоюна карата кол салуудан улам көңүл айтты.

Ливиянын ички иштер министрлиги кечээ Триполинин батышындагы Жанзур аймагында жашаган резиденциясына барган Башаганын конвоюна оор куралдуу бир пикаптан ок атылгандыгын жарыялаган.

Ошол эле учурда Чавушоглу өзбек кесиптеши Абдулазиз Камилов менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да конвоюу кол салууга учураган Башагага телефон чалып көңүл айтты. Кол салуу тууралуу маалымат алган Акар ливиялык министри жана бардык Ливия үчүн биримдик жана тилектиштикти билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар