Түркиянын Сомали тууралуу билдирүүсү

Түркия Сомалидеги шайлоо процессине байланыштуу келишпестиктерден чыккан абалдардан тынчсыздангандыгын билдирди.

1587964
Түркиянын Сомали тууралуу билдирүүсү

Түркия Сомалидеги шайлоо процессине байланыштуу келишпестиктерден чыккан абалдардан тынчсыздангандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Сомалидеги шайлоо процессине байланыштуу маалымат берди.

Маалыматта : «Сомалиде акыркы күндөрдө  шайлоо процессине байланыштуу келишпестиктерден чыккан абалдардан тынчсыздануудабыз»,- деп билдирилди. Маалыматта бардык тараптар зомбулукка жол ача турган  кыймылдардан алыс болууга чакырылды.

«Федералдык өкмөт менен Аймактык башкаруу лидерлеринин  чогулуп 2020 -  жылы 7 -  сентябрда түзүлгөн макулдашуунун негизинде диалог менен келишпестиктерди чечүүгө аракет кылуусу мааниге ээ болууда»,- деп билдирилди.

Маалыматта Түркиянын дос жана боордош Сомали калкынын өз келечегин белгилөө эркине жана саясий жетишкендикке ээ экендигине болгон ишеничине басым жасалып : «Бул алкакта бири бирин түшүнүшүүнүн негизинде шайлоо процесси тууралуу дагы көп кеч калбастан макулдашуунун түзүлүшүн каалайбыз»,- деп билдирилди.

Сомалилик оппозициячыл президенттик талапкерлери президент Мухаммед Абдуллах Фермажунун 8 -  февралда кызмат мөөнөтүнүн толгонуна карабастан орундугунда калышына нааразычылык билдирүү үчүн 15 -  февралда митингге чыгууга чакырышкан.

Оппозиция массалык митингдерге даярданып жатканда өкмөттүн коронавирус бейтаптарынын санындагы өсүүнү негиз катары көрсөтүп 17 -  февралда боло турган бардык жыйын жана иш чараларга тыюу салышы өлкөдөгү абалды курчутту.

Кечээ Сомалинин борбор шаары Могадишодо өкмөт жетекчилеринин унаасын бутага алган бомбалуу кол салууда 2 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар