THY Израиль каттамдарын токтотуу чечимин узартты

Бул тууралуу Түрк аба жолдорунун (THY) социалдык медиа эсебинде билдирүү жасалды.

1587579
THY Израиль каттамдарын токтотуу чечимин узартты

Түрк аба жолдорунун (THY) Израилден учуп келүү жана учуу боюнча бардык эл аралык каттамдарды токтотуу чечими 7-мартка чейин узартылганын жарыялады.

THY социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө,

«Израиль бийлиги кабыл алган чечимге ылайык, Израилден учуп келүүчү жана учуп баруучу бардык эл аралык каттамдар 7-мартка чейин токтотулду»,делди.

Жүргүнчүлөр өз билет транзакцияларын «850 333 0 849» номериндеги чалуулар борборунан, сатуу кеңселеринен же сатып алынган агенттикке кайрылып аткара алышаары белгиленди.



Тектеш кабарлар