Алтун: «Бирөөлөр көрмөксөнгө салса дагы, бала өлтүргүч ПККнын кыргындарын биз унуткан жокпуз»

Алтун Твиттердеги эсебинде жикчил террордук уюм ПККнын жарандык кыргындары тууралуу видео бөлүштү.

1587766
Алтун: «Бирөөлөр көрмөксөнгө салса дагы, бала өлтүргүч ПККнын кыргындарын биз унуткан жокпуз»

Президенттин коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун: «Бирөөлөр көрмөксөнгө салса дагы, бала өлтүргүч ПККнын кыргындарын биз унуткан жокпуз жана унутпайбыз»,-деп айтты.

Алтун Твиттердеги эсебинде жикчил террордук уюм ПККнын жарандык кыргындары тууралуу видео бөлүштү.

«Бул видео террордук уюмдун корбашчыларына эркиндик ураандарын чакырган, ПККнын саясий уландыларын көрмөксөнгө салган, чыккынчы террордук уюмдун атын атагысы келбеген жана абийири куураган террорду колдоочуларын тынчсыздандырышы мүмкүн»,деген эскертүүсү камтылган видеодо кыргын салынган жарандардын сүрөттөрү орун алган.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Ризедеги сөзү да берилген бөлүшүүдө, «Канкор террор уюму ПКК, 1984-жылдан бери Түркияда ымыркайлар, балдар, аялдар, жаш адамдар же улгайган жарандар дебестен кыргын салуусун улантууда. Бирөөлөр көрмөксөнгө салса дагы, бала өлтүргүч ПККнын кыргындарын биз унуткан жокпуз жана унутпайбыз»,деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар